Кыргызстандын шаарларында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станциялар орнотулат
Кыргызстанда Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 50 млн долларлык гранттык каражаттын эсебинен абанын сапатын жакшыртуу долбоору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын Жогорку Кенештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди. Анын айтымында, долбоордун алкагында Кыргызгидромет кызматы үчүн заманбап жабдуулар сатып алынды. Ошондой эле абанын сапатына