акыркы жаңылыктар

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү тазаланып, каттам ачылды

Транспорт

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү тазаланып, каттам ачылды

Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 297–305-чакырым аралыгында кар көчкү тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган тилкеде унаалар үчүн эки тараптуу каттам камсыздалды. Ошол эле учурда бул аймакта кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Зарыл болгон учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан

Кыргызстанда Интерпол издеп жаткан 3 жаран кармалды

Коом

Кыргызстанда Интерпол издеп жаткан 3 жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1971-жылы туулган Л.С.В. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан

Өзбекстандан келген 80 миңден ашык көчөт чек арадан өткөрүлгөн жок

Коом

Өзбекстандан келген 80 миңден ашык көчөт чек арадан өткөрүлгөн жок

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен облусундагы башкармалыгы 80 520 даана көчөттү өлкөгө киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-мартында "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстан Республикасынан

Кыргызстан 5 жылда 202,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясын экспорттогон

Экономика

Кыргызстан 5 жылда 202,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясын экспорттогон

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин коллегиясында агроөнөр жай тармагындагы экспорттук операциялардын динамикасы талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестициялар башкармалыгынын башчысы Жоомарт Сапарбаевдин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 1 трлн 382 млрд сомду (15,8 млрд

Инвестициялар агенттиги Дүйнөлүк банк менен МЖӨ долбоорлорун талкуулады

Экономика

Инвестициялар агенттиги Дүйнөлүк банк менен МЖӨ долбоорлорун талкуулады

Кечээ Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Дүйнөлүк банктын миссиясы менен жолугушту. Делегацияны инфраструктураны каржылоо боюнча улук адис Адити Райна жетектеди. Жолугушууга Дүйнөлүк банктын консультанты Эркин Асрандиев да катышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Жолугушууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартибижана бюджеттик колдоону баалоо методологиясынын

ЖКда чек арадагы эки өткөрүү пунктунун макамын өзгөртүү сунушу колдоо тапты

Саясат

ЖКда чек арадагы эки өткөрүү пунктунун макамын өзгөртүү сунушу колдоо тапты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара өткөрүү пункттары боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматты Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева тааныштырды. Протоколго ылайык, "Камышановка — автожол&

Бишкекте "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" өттү

Коом

Бишкекте "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" өттү

Бишкек шаарында "Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026" аттуу эл аралык иш-чара болуп өттү. Бул конференция Кыргызстанда жана Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чара пион гүлүн өстүрүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды жайылтууга жана пион негизиндеги продукцияларды кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды

Коом

Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды

Бүгүн Ош шаарында "Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары" аталышындагы "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармактагы адистерди бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана

Жогорку Кеңеш 30 млн долларлык "Бирдиктүү саламаттык" долбоорун ратификациялады

Саясат

Жогорку Кеңеш 30 млн долларлык "Бирдиктүү саламаттык" долбоорун ратификациялады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы. Мыйзам долбоору

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Транспорт

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун 304-чакырымында, Кара-Үңкүр участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү техникалар тартылып, карды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Министрликтен билдиришкендей, жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Кыргызстан чет өлкөлөргө үрөн жана кургатылган өрүк экспорттоду

Экономика

Кыргызстан чет өлкөлөргө үрөн жана кургатылган өрүк экспорттоду

Кыргызстандын айыл чарба тармагында экспорт жана эл аралык кызматташтык багытында бир катар жетишкендиктер катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Кыргызстандан бир катар айыл чарба продукциялары чет өлкөлөргө экспорттолгон. Тактап айтканда, Орусияга 40 тонна беде үрөнү,

Улуттук банк "Карт Флай" ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Банктар

Улуттук банк "Карт Флай" ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети "Карт Флай" жоопкерчилиги чектелген коомунун эки лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим 2026-жылдын 27-февралында кабыл алынган. Ага ылайык, компанияга 2024-жылдын 15-ноябрында берилген лицензиялар 2025-жылдын 27-февралынан