акыркы жаңылыктар

Өзбекстан Кыргызстанга былтыр 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттогон

Экономика

Өзбекстан Кыргызстанга былтыр 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттогон

2025-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттолгонун Өзбекстандын Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылы Өзбекстан 12 мамлекетке жалпысынан 45,2 миң тонна помидор сатып, 36 млн доллар өлчөмүндө киреше тапкан. 2024-жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү 3,3 миң тоннага азайган. Өзбек помидорунун негизги сатып алуучулары

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылы 36,3 млн долларга жеткен

Экономика

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылы 36,3 млн долларга жеткен

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылы 37%га өскөн. Эгер 2024-жылы ал 58 млн доллардан ашык болсо, 2025-жылы дээрлик 80 млн долларга жеткен. Мындай өсүш Кыргызстандын Иранга болгон экспортунун көбөйүшү менен шартталган. Экспорт бир жыл ичинде эки эсеге өсүп,

Акиташ-ракушечникти ЕАЭБден тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Экономика

Акиташ-ракушечникти ЕАЭБден тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн же казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу же чарчы формадагы блокторго жана такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти өлкөдөн Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери кайра жанданды

Коом

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери кайра жанданды

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик тосуу иштери кайра жанданды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн Баткен районунун Ууч жергесинде чек араны тосуу иштери башталды. Курулуш иштерине Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматчылары тартылган. Керектүү техникалар жана

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Транспорт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобиль алып кирүүнү көздөйт

Кыргызстан жыл сайын 15 миңге чейин электромобилди бажы төлөмүсүз импорттоону пландап жатат. Бишкек шаарында "Улуттук электромобилдүүлүк стратегиясына карай" аттуу семинар өтүп, анда электромобилдер рыногун өнүктүрүү жана кубаттоо инфраструктурасын кеңейтүү маселелери талкууланганын Климаттык каржылоо борбору билдирди. Учурда: * Өлкө боюнча 230дөн ашык кубаттоо станциясы иштеп жатат. * Алардын ичинен 60ка жакыны

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети 2-марттагы жыйынында "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунун

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

Коом

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экендигин 3-мартта Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу брифинг учурунда ТИМ билдирди. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Коом

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "ТюлпанЛенд" компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон башталат. Каалоочулар гүлдөрдү дүң жана чекене

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводу модернизацияланат

Экономика

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводу модернизацияланат

Инвесторлор менен иш жүргүзүү алкагында Инвестиция боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери, Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана Кара-Балта мэриясы "Чайна Петроль Компани "Джунда" ЖЧКсынын мунай кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациянын жүрүшү менен таанышты. Иш сапар компания жана инвестор — Кытайдын Шэньсий көмүр-курулуш корпорациясы тарабынан расмий чакыруунун негизинде уюштурулган. Алар

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Коом

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

2025-жылы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо багытында жалпысынан 42 текшерүү жана 561 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 567 укук бузуу фактысы аныкталып, 3 907 500 сом айып салынды. Учурда анын 3 594 500 сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл жана

МинКаб өзгөчө кырдаалдар убагында төлөмдөрдү төлөө тартибин тактоону сунуштады

Саясат

МинКаб өзгөчө кырдаалдар убагында төлөмдөрдү төлөө тартибин тактоону сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук талкууга өзгөчө кырдаал учурунда жабыркаган жарандарга бир жолу берилчү социалдык төлөмдөрдүн шарттары жана тартибин тактоочу жобо долбоорун чыгарды. Өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы азыркы жобону колдонууда пайда болгон практикалык маселелерге байланыштуу. Финансы министрлиги бюджетке болгон тобокелдиктерди көрсөткөн: калкка бир адамга жашоо минимуму өлчөмүндө төлөмдөрдү берүү болжол

Ошто эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери уланууда

Коом

Ошто эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери уланууда

Ош шаарындагы эски “Келечек” базарын жаңы “Келечек” базарына көчүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Көчүрүү иштери Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатат. Соодагерлерди жаңы соода жайына этап-этабы менен көчүрүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тиешелүү кызматтар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө.