акыркы жаңылыктар

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Кызыктуу

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Экономика

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет.

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

Экономика

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

2026-жылы Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнгөнүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү колдоп, республикалык бюджеттен бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүүдө. Жеңилдетилген насыялоо программасы

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Коом

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейин эски бак-дарактарды кыйуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, негизинен эски терек жана кара жыгач дарактары кыйылат. Иштер шаардын 50 көчөсүндө жүргүзүлөт. Анын ордуна ири көлөмдө жашылдандыруу иштери аткарылат.

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыймылсыз мүлк

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Саясат

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Коом

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Экономика

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Кыргызстанда сугат жерлеринин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жеткенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты. Министрдин маалыматы боюнча, 2025-жылы 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22 эсе

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

Экономика

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алууну пландап жатат. Тиешелүү тендер жарыяланды. Техникалык тапшырмага ылайык, көп позициялуу байкоо системасынын алыстан орнотулуучу сенсорлору сатылып алынат. Атайын жабдуу TADOT—ONDIX—OGIGI жаңы аба трассасы боюнча учкан аба кемелери тууралуу радиолокациялык маалыматтарды алууну камсыздоого тийиш. Сатып алуу

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

Экономика

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

23-26-февралда Бухарест шаарында Кыргызстан менен Румыниянын расмий делегациялары кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу Макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар документтин долбоорун кеңири талкуулап, анын негизги жоболору боюнча принципиалдуу макулдашууга

Кыргызстанда 5 жылда 2 трлн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Экономика

Кыргызстанда 5 жылда 2 трлн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Беш жылдын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 2 триллион сомго чамалаганын Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. "Өзүңүздөр билгендей, өлкө калкынын 60%ы айыл жеринде жашайт. Демек, агрардык секторду өнүктүрүү жарандардын көпчүлүгүнө түздөн-түз кам көрүү дегенди билдирет. Беш жылдын ичинде биз айыл