Коом
Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт
Жылуу аба ырайынын башталышы менен Бишкекте электросамокат, велосипед жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын колдонуу сезону активдешүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга байланыштуу шаар мэриясында аппарат жетекчиси Ильяс Колоповдун төрагалыгы алдында кикшеринг компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өттү. Жыйында электросамокаттарды пайдаланууну мыйзам талаптарына жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык жөнгө салуу маселеси талкууланды.