Коом
Кыргызстан боюнча 206 мектеп директорлорунун бош кызмат орундары бар
КРнын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош турган кызмат орундарына конкурс жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, республика боюнча жалпы 206 бош кызмат орду бар. Анын ичинен: Бишкек шаарында – 11, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 21, Нарын облусунда – 10,