Россия элчиси "Кант" авибазасын кеңейтүүнүн зарылчылыгы жоктугун билдирди

Россия элчиси "Кант" авибазасын кеңейтүүнүн зарылчылыгы жоктугун билдирди

Россиянын Кыргызстандагы авиабазасынын учурдагы параметрлери ЖККУга мүчө мамлекеттерге карата болгон коопсуздук коркунучтарына жооп кайтаруу үчүн жетиштүү, аны кеңейтүү зарыл эмес. Бул тууралуу Россиянын Бишкек шаарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү адистердин баамы боюнча авиабазанын учурдагы иштөө параметрлери бирикменин мүчө мамлекеттеринин коопсуздугуна түштүк багыттан келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алууга толук жетиштүү.

Дипломат Кыргызстан аймагында жайгашкан аскер кызматкерлери коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатканын белгиледи. Алар кыргызстандык күч түзүмдөрүнө экстремизм, терроризм, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө көмөк көрсөтүшөт. Ошондой эле ЖККУга мүчө башка өлкөлөрдүн бөлүктөрү менен биргелешкен операцияларды жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнү машыгышат. Атап айтканда, өткөн жылдын сентябрында Ысык-Көл облусунда өткөн "Рубеж-2025" командалык-штабдык машыгууларын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкан.

Сергей Вакунов Россия Федерациясы объектти заманбап курал-жарак, аскердик техника жана жабдуулар менен камсыз кылууга мындан ары да өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.

Ал ошондой эле республиканын жетекчилигинин кайрылуусуна жооп катары, эл аралык террористтер Афганистан аймагынан кол салган татаал мезгилден кийин түзүлгөн Кант жана Каракол шаарларындагы бириккен россиялык авиабаза 20 жылдан ашуун убакыттан бери өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо жана аймактагы ЖККУнун Ыкчам жайгаштыруу күчтөрүнө аба аркылуу колдоо көрсөтүүдө негизги роль ойноп келатканын эске салды.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media