Саясат
Коргоо министрлигине 81 жаңы автотранспорт каражаты тапшырылды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт каражатынын ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы техникалар, анын ичинде 19 JAC T-6 жана 36 Chevrolet унаалары, аскер бөлүктөрүнүн мобилдүүлүгүн жогорулатууга жана өздүк курамдын коопсуз кыймылын камсыздоого багытталганын белгиледи.