Дүйнө миллиардерлеринин жалпы байлыгы 18,3 трлн долларга жетти

Дүйнө миллиардерлеринин жалпы байлыгы 18,3 трлн долларга жетти

Дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын жалпы байлыгы 2025-жылы акыркы беш жылдагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу үч эсе ылдам көбөйгөнүн жана планета калкынын дээрлик жарымы жакырчылыкта жашап жатканын Reuters агенттиги жарыялаган.

Oxfam уюмунун изилдөөсүндө 2025-жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгы 18,3 трлн долларга жеткени айтылат (2,5 трлн долларга же 16%га өскөн). Ал эми 2020-жылдан берки инфляцияны эске алганда 8,2 трлн долларга (81%) көбөйгөн. Ал эми 2,5 трлн доллар сумма дүйнөдөгү эң жакыр 4,1 млрд адамдын жалпы байлыгына барабар.

Oxfam укук коргоо уюму байлыктын жаңы өсүү толкуну, анын ичинде АКШнын президенти Дональд Трамптын трансулуттук корпорацияларды колдогон саясаты жана жасалма интеллект менен алектенген компаниялардын баасынын кымбатташы, экономикалык жана саясий ажырымды тереңдетип, демократиянын туруктуулугуна коркунуч туудуруп жатканын эскертти.

Байлар менен калктын калган бөлүгүнүн ортосундагы айырманын өсүшү саясий таасирдин бир колго топтолушуна алып келүүдө. Отчетто айтылгандай, бүгүнкү күндө миллиардерлер кадимки жарандарга салыштырмалуу 4 миң эсе көп саясий кызматтарды ээлешет. Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң ири медиа компаниялардын жарымынан көбү дал ушул миллиардерлерге таандык.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин