Экономика
11 айда 13 келишим түзүлүп, 3,8 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды
2025-жылдын 11 айынын ичинде жалпы 13 келишимге кол коюлуп, анын негизинде 3,8 млрд доллардан ашык жеке инвестиция тартылганын "Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес" форумунда Президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшан Сабиров билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун негизинде Кыргызстан 68-орундан 22-орунга