Бийлик

Баткенде баласына 500 миң сом алимент төлөбөгөн жаран камалды

Коом

Баткенде баласына 500 миң сом алимент төлөбөгөн жаран камалды

Баткенде 2017-жылдан бери баласына алимент төлөөдөн качып жүргөн Ж.у. С. аттуу жаран сот чечими менен эки жылга эркиндигинен ажыратылганын Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кечээ маалымдады. Баткен райондук сотунун 2017-жылдын 3-июлундагы чечиминин негизинде карызкор Ж. у. С. баласы 18 жашка толгонго чейин иштеп тапкан жана башка бардык кирешесинин

С.Жапаров: Ийгиликтүү экзамен тапшырган курсанттар 18%га кыскарды

Бийлик

С.Жапаров: Ийгиликтүү экзамен тапшырган курсанттар 18%га кыскарды

Президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик "Унаа" борборуна барып, жеке автоунаа мектептеринин директорлору жана курсанттары менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров жол кыймылынын эрежелерин бузууга байланыштуу жол-транспорт кырсыктарын кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Мамлекет башчысы узак

Бишкектин Түндүк айланма жолундагы объекттерди бузуу уланып жатат

Кыймылсыз мүлк

Бишкектин Түндүк айланма жолундагы объекттерди бузуу уланып жатат

Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун аймагында  Түндүк айланма жолунун курулушуна байланыштуу объекттерди бузуу иштери уланууда. Биринчи Май районунун акиминин орун басары Азиз Байысов билдиргендей, "Маёвка" кафеси, ашкана, пилорама жана Red Petroleum май куюучу бекети туш келди. Бул объекттер Жаш Гвардия — Айланма көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мындан тышкары, Пригородное айылында

Президент айдоочулук күбөлүк берүү тартибиндеги өзгөрүүлөрдү түшүндүрдү

Бийлик

Президент айдоочулук күбөлүк берүү тартибиндеги өзгөрүүлөрдү түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров жеке автомектептерде айдоочулук күбөлүктөрдү “под ключ” алуу практикасы болуп келгенин билдирди. Бул тууралуу ал Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго ("Унаа") барган учурда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, айрым автомектептер даяр айдоочулук күбөлүк үчүн 60-70 миң сомдон 1 миң долларга чейин акча алышкан.

Данияр Амангелдиев америкалык ири компаниялар менен инвестициялык кызматташууну талкуулады

Бийлик

Данияр Амангелдиев америкалык ири компаниялар менен инвестициялык кызматташууну талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы инвестициялык кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда ал өлкөдө ири инфраструктуралык, энергетикалык жана өнөр жай долбоорлору активдүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Алардын ичинен аймактагы эң маанилүү демилгелердин бири

Улуттук илимдер академиясынын ишин жөнгө салган токтом кабыл алынды

Бийлик

Улуттук илимдер академиясынын ишин жөнгө салган токтом кабыл алынды

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын (УИА) ишмердүүлүгүнө байланыштуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган токтом менен Улуттук илимдер академиясынын уставы, илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү координациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо, ошондой эле УИАнын мүчөлөрүн шайлоо тартиби тууралуу

АКШ лидери Индия Россиянын  мунайынан баш тартканын билдирди

Экономика

АКШ лидери Индия Россиянын мунайынан баш тартканын билдирди

Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшкөнүн жана ал Россиянын мунайын сатып алуудан баш тартканын Truth соцтармагына жазганын "Азаттык" жарыялады.   Россия Украинага кол салгандан кийин Индия Батыш санкция киргизген орус газын жана мунайын ири көлөмдө төмөн баа менен сатып ала баштаган. "Ал россиялык мунайды сатып алуудан

УКМК телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды кармады

Бийлик

УКМК телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды кармады

УКМК телефон шылуундарына көмөктөшкөн канал жабылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы уюлдук операторлордун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенжер аккаунттарын активдештирүү менен алектенген адамдардын тобу мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, жарандарды банк карталарын сатууга көндүрүп келишкен. УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, аккаунттар жана банк карталары Telegram аркылуу "скамерам" деп аталган эл

Кытайдын мурдагы юстиция министри коррупция боюнча айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылды

Экономика

Кытайдын мурдагы юстиция министри коррупция боюнча айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылды

Кытайдын мурдагы юстиция министри Тан Ицзюнь ири коррупциялык айып менен күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылганын 2-февралда мамлекеттик CCTV телеканалы кабарлады. Маалыматка ылайык, сот Тан Ицзюнь 2006-жылдан 2022-жылга чейин мыйзамсыз түрдө 137 млн юандан ашуун (болжол менен 19,7 млн доллар) мүлк жана акча каражаттарын коррупциялык жол менен алганын аныктаган. Соттун

Кытай компаниялары Кыргызстан шаарларын санариптештирүүнү инвестициялайт

Экономика

Кытай компаниялары Кыргызстан шаарларын санариптештирүүнү инвестициялайт

Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров Shanghai Minghou Xufu Business Consulting Management Co., Ltd. жана Anté Lingkun (Shanghai) Technology Co., Ltd. компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда санариптештирүүгө, туруктуу өнүгүүгө жана шаардык, социалдык инфраструктураны модернизациялоого багытталган конкреттүү инвестициялык долбоорлор талкууланды. Анын ичинде Токмок шаарын

Батыш санкцияларына кирген кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти

Экономика

Батыш санкцияларына кирген кыргызстандык компаниялардын саны 25ке жетти

Министрлер Кабинети Европа Биримдиги Москвага каршы чаралардын алкагында Кыргызстанга да санкция киргизүүнү караштырып жатканы жөнүндө маалыматтарга комментарий берип, бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүү демилгелегенин "Азаттык" жазды. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда: " Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан менен

Кыргызстан мүчөлүк взнос төлөгөн эл аралык уюмдар тизмеси такталды

Бийлик

Кыргызстан мүчөлүк взнос төлөгөн эл аралык уюмдар тизмеси такталды

Кыргыз Республикасы мүчөлүк төлөмдөрүн төлөп келген эл аралык уюмдардын тизмеси такталып, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, өткөн жыл үчүн республика мүчөлүк жана үлүштүк төлөмдөрдү жүргүзгөн эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңыланган тизме өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин каржылоо маселелерин жөнгө салуу