Бишкектин Түндүк айланма жолундагы объекттерди бузуу уланып жатат

Бишкектин Түндүк айланма жолундагы объекттерди бузуу уланып жатат

Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун аймагында  Түндүк айланма жолунун курулушуна байланыштуу объекттерди бузуу иштери уланууда.

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Азиз Байысов билдиргендей, "Маёвка" кафеси, ашкана, пилорама жана Red Petroleum май куюучу бекети туш келди. Бул объекттер Жаш Гвардия — Айланма көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Мындан тышкары, Пригородное айылында жайгашкан тосмолор, кошумча курулуштар жана башка объекттер да бузулду.

"Бул объекттер жайгашкан жер тилкелери мурда ижарага берилген. Учурда шаар мэриясы ижарага берүү тууралуу чечимди жокко чыгарды", — деди Байысов.

Анын айтымында, 2025-жылы "Тулпар" базарынан Калыс-Ордо бурулушуна чейинки тилкеде болжол менен 200дөй объект демонтаждалган. Ошондой эле 10 турак жай үйү да бузулган.

"Бул үйлөрдүн ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан турак жай берилди. Азыр дагы 7 үй боюнча турак жай берүү иштери жүрүп жатат.

Жалпысынан компенсациялоо жана көчүрүү саясатынын алкагында 17 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Аймакты бошотуу жана объекттерди бузуу иштери азыркы учурда да уланууда", — деп түшүндүрдү Азиз Байысов.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media