Кыймылсыз мүлк
Орок, Сарбан, Кашка-Баш, Жал айылындагы мораторий киргизилген жерлерге компенсация төлөнөт
Бишкектин бир катар калктуу конуштарынын тургундары өздөрүнө таандык айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин тагдырына тынчсызданып жатышканын депутат Жаныбек Абиров ЖК комитеттеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан шартта жогорку зонадагы — Орок, Сарбан, Кашка-Баш, Жал аймактарында жашаган 1,5 миңге жакын тургун мораторий салынган жер тилкелеринин келечеги кандай болоруна