Орок, Сарбан, Кашка-Баш, Жал айылындагы мораторий киргизилген жерлерге компенсация төлөнөт

Орок, Сарбан, Кашка-Баш, Жал айылындагы мораторий киргизилген жерлерге компенсация төлөнөт

Бишкектин бир катар калктуу конуштарынын тургундары өздөрүнө таандык айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин тагдырына тынчсызданып жатышканын депутат Жаныбек Абиров ЖК комитеттеринин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан шартта жогорку зонадагы — Орок, Сарбан, Кашка-Баш, Жал аймактарында жашаган 1,5 миңге жакын тургун мораторий салынган жер тилкелеринин келечеги кандай болоруна кызыгып жатышат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул жер тилкелеринин тагдыры учурда каралып жаткан жана бекитиле турган башкы планды эске алуу менен чечилерин билдирди.

"Алар жерин сата алабы же багытын өзгөртө алабы?" — деп тактады депутат. "Эгерде биз жерлерди алып койсок, сөзсүз түрдө компенсация төлөнөт", — деди өкмөт башчысы.

Ошондой эле Жаныбек Абиров дача конуштарында жашаган тургундарды ичүүчү суу менен камсыздоого көмөк көрсөтүүнү суранды. Анын айтымында, айрымдар сууну бөтөлкө менен ташып ичүүгө аргасыз болууда.

Буга Суу ресурстары министри Бакыт Торобаев: "Биз даярбыз, болгону тиешелүү документтерди беришсе болду", — деп жооп берди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында Таалай көчөсүнө арык салуу үчүн казынадан 833 миң сом бөлүндү

Нарында Таалай көчөсүнө арык салуу үчүн казынадан 833 миң сом бөлүндү

Нарын шаарындагы Таалай көчөсүнө жаандан улам топтолгон сууларды агызуу үчүн арык салынат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, арык салууга жергиликтүү казынадан 833 миң сом бөлүнгөн. Учурда "Жашылдандыруу" муниципалдык мекемеси тендерде жеңүүчү болгон ишкана менен келишим түздү. Мындан тышкары, өткөн жылы асфальт төшөлгөн Таалай

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткен шаарындагы Чет-Булак аймактык башкармалыгында 75 орундуу балдар ооруканасынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы балдар ооруканасынын жалпы аянты 2 959,82 чарчы метрди түзөт. Долбоордун жалпы наркы 193 млн 965 миң 441 сом деп көрсөтүлгөн. Мекемеде УЗИ, ЭКГ, рентген

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте бир катар көчөлөрдө жолдорду, тротуарларды жана ирригациялык тармактарды оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде иштер бүткөрүлдү: • Клинск көчөсү — Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин, 200 метр; • Левонев көчөсү — Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, 750 метр; • "Алтын-Ордо"

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары электрондук форматта жеткиликтүү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жарандар жана уюмдар тиешелүү маалыматтык системалар аркылуу арыздарын аралыктан тапшырып, алардын каралуу процессине көз салып, мамлекеттик органдарга барбастан керектүү документтерди ала алышат. Негизги маалыматтык системалар: • Мамлекеттик экспертиза департаменти – мамлекеттик