Саясат
“Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагында 1-орун ээлери 3 млн сомдон алышты
Бүгүн Президенттик Администрацияда "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктады. Адылбек Касымалиев айыл өкмөттөрүнүн демилгелерин өнүктүрүү жана айылдарды заманбап шарттарга чыгаруу маанилүү экенин белгилеп, шаарлар менен айылдар ортосундагы ажырымды кыскартууга чакырды. Ал ошондой