Бизнес маек
Made in Kyrgyzstan. Кургатылган жашылча-жемиштерге суроо-талап чоң
2020-жылды көпчүлүк ишкерлер үшкүрө эскеришип, пандемиянын залакасын азыркыга чейин тарткандары бар. Ош шаарындагы «Оржемиль» компаниясы так ошол кризис учурунда жаңы дем менен иштеп баштаган. Компания БУУӨПтүн жардамы менен өндүрүштө эл аралык стандарттарды киргизип, учурда сырткы базарларды багынтууда. Жашылча-жемиштерди кургатуу менен алектенген ишкана 8 түрдүү продукция чыгарат. Алча, дарбыз, коон, алма,