Экономика
Былтыр Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлгөн
2025-жылы Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлгөн. Бул тууралуу "B5+1" форумунун бизнес-эртең мененки жыйынында Эл аралык ишкердик кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди. Ошондой эле ЭИК тарабынан мурда жер казынасын пайдаланууга 2005 лицензия берилгени маалымдалды. Анын ичинен 103 лицензия мамлекеттик ишканаларга таандык.