Экономика
Суу ресурстары, айыл чарба министрлигине 7ге чейин кызматтык автоунаа кармоого уруксат берилди
МинКаб мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан кызматтык жана нөөмөттүк автоунааларды пайдалануу эрежеси жөнүндө токтомго өзгөртүү киргизди. Мындай чечим Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинин оперативдүүлүгүн жана мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кабыл алынган. Өзгөртүүлөргө ылайык министрликтин борбордук аппаратында жетиге чейин кызматтык жана нөөмөттүк автоунаа кармоого уруксат берилди.