Экономика
Кыргызстан, Казакстан ортосундагы товар жүгүртүү быйыл 1,7 млрд долларга жетип, 15%га өстү
Астанада Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы өкмөттөр аралык кеңешинин 13-отуруму кеңейтилген курамда өткөнүн МинКаб маалымат кызматы билдирди. Отурумду КРнын МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов жетектешти. Отурумда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы маселелери каралды. Эки тарап чек ара зоналарында индустриялык соода-логистикалык комплекстерди жана Алма