Экономика

Бишкекте 56 млн долларлык тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо уланып жатат

Кыймылсыз мүлк

Бишкекте 56 млн долларлык тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо уланып жатат

Бишкек шаарында инвестициялык долбоордун алкагында жалпы баасы 56 миллион долларды түзгөн тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо иштери уланып жатканын бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө объектте белгилүү бир жылыш бар: эки резервуар пайдаланууга берилди, ошондой эле автоматташтырылган башкаруу системасы ишке киргизилди. Маалыматка ылайык, тазалоочу курулмалардын долбоордук кубаттуулугу суткасына

Ишкер Media
Өлкөнүн салыктык эмес кирешесинин ИДПдагы үлүшү 2028-жылга чейин 16,8%га азаят

Экономика

Өлкөнүн салыктык эмес кирешесинин ИДПдагы үлүшү 2028-жылга чейин 16,8%га азаят

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун 2025-жылдын декабрындагы баяндамасында аналитиктер Кыргызстанда орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин салыктык кирешелери кыскарышы мүмкүн экенин билдиришкен. Баалоолорго ылайык, 2024–2025-жылдары салыктык түшүүлөр ички дүң продукциянын (ИДП) 20,7%ын түзгөн. Аналитиктердин күтүүсүнө караганда, 2026-жылы бул көрсөткүч 19,7%га чейин төмөндөйт. 2027-2028-

Ишкер Media
JDS долбоору боюнча адистерди даярдоого Япония 399 млн иен бөлөт

Экономика

JDS долбоору боюнча адистерди даярдоого Япония 399 млн иен бөлөт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте агенттиктин директору Эльчибек Джантаев менен Кыргызстандагы Япониянын элчиси Хирано Рюитинин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда кадрдык потенциалды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык, анын ичинде JICA жана JICE менен биргеликте ишке ашырылып жаткан JDS стипендиялык программасынын жыйынтыктары талкууланды. Маалыматка ылайык, JDS долбоорунун алкагында

Ишкер Media
Быйыл Бишкекте 14 мектеп курулат

Кыймылсыз мүлк

Быйыл Бишкекте 14 мектеп курулат

Саудия өнүктүрүү фондунун 50 млн доллар өлчөмүндөгү насыянын эсебинен 14 билим берүү имараты куруларын Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы мектептер жана кошумча корпустар курула турган жерлер аныкталган. Бишкек шаарында курулуучу мектептер: Биримдик Кут турак жай массивинде — 750 орундуу мектеп;

Ишкер Media
Кыргызстан СПЕКА форумунда транспорт жана санариптик соода маселесин көтөрдү

Экономика

Кыргызстан СПЕКА форумунда транспорт жана санариптик соода маселесин көтөрдү

21-22-январда Ашхабад шаарында СПЕКАнын (Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасы) Экономикалык форуму өтүп жатат. Форумдун алкагында КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Туманов аймактык өз ара байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулап жатат. Ведомствонун маалыматына ылайык, Медербек Туманов өз сөзүндө "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан"

Ишкер Media
Кыргызстан менен Германия соода жана инвестиция багытында кызматташууну күчөтөт

Экономика

Кыргызстан менен Германия соода жана инвестиция багытында кызматташууну күчөтөт

Кечээ Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Никлас Вагнер жана Германиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхард менен жолугушуу өткөрдү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы

Ишкер Media
Тажикстан былтыр 11 айда Кыргызстанга экспортту 19 эсе көбөйткөн

Экономика

Тажикстан былтыр 11 айда Кыргызстанга экспортту 19 эсе көбөйткөн

Тажикстан Кыргызстанга экспорт көлөмүн 19 эсеге көбөйткөнүн Тажикстан Республикасынын Бажы кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2024-жылы Кыргызстанга экспорттолгон товарлардын көлөмү болгону 475 миң долларды түзсө, ага чейинки жылы бул көрсөткүч 9 миллион долларга жеткен. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен Тажикстан менен жалпы чек арасы бар жалгыз өлкө болуп

Ишкер Media
Кытай менен Кыргызстан соода жүгүртүүсү 2025-жылы 27,2 млрд долларга жетти

Экономика

Кытай менен Кыргызстан соода жүгүртүүсү 2025-жылы 27,2 млрд долларга жетти

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 27,2 млрд долларды түзгөнүн Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпинь билдирди. Ушул тапта Кыргызстан Кытайдын Борбор Азиядагы экинчи ири соода өнөктөшү болуп саналат, ал эми эки тараптуу сооданын көлөмү Кытайдын аймактагы өлкөлөр менен болгон жалпы товар жүгүртүүсүнүн 4/1 бөлүгүн

Ишкер Media
Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Экономика

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли Каракол шаарында өтүп жаткан лыжа тебүү боюнча тренингге катышты. Элчиликтин маалыматына ылайык, бул иш-чара 2022-жылдан бери Швейцария тарабынан Кыргызстанда колдоого алынып келе жаткан кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулган. Сапар учурунда элчи кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн бир гана инфраструктура жетишсиз экенин белгиледи. Анын

Ишкер Media
Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Экономика

Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы жеңил өнөр-жай тармагынын, анын ичинде тигүү, маркетплейстер, логистикалык компаниялар, банктар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда сектордун негизги көйгөйлөрү көтөрүлдү — каржылоого жеткиликтүүлүк, логистикалык чектөөлөр, экспорттук шарттар жана технологиялык жаңылануу маселелери. Катышуучулар тармакты ылдам өнүктүрүүгө жана тоскоолдуктарды жоюуга багытталган сунуштарын беришти. Мамлекет

Ишкер Media
Жасалма интеллект кирешелер теңсиздигин күчөтөбү?

Экономика

Жасалма интеллект кирешелер теңсиздигин күчөтөбү?

Жакынкы жылдары жасалма интеллект кирешелердин теңсиздигин күчөтүшү мүмкүн, бирок массалык жумушсуздукка алып келбейт. Мындай пикирди Barclays инвестициялык банкынын экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Кристиан Келлер Дүйнөлүк экономикалык форумга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жасалма интеллекттин жумуш менен камсыздоого тийгизген таасири эки тараптуу. Айрым процесстердин автоматташтырылышы жумуш орундарын кыскартса, технологияны курал катары

Ишкер Media
"Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялайт

Экономика

"Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялайт

Муниципалдык "Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялоону (алмаштырууну) пландап жатканын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Лифттерди сатып алуу боюнча конкурстук жол-жоболорду даярдоо жана өткөрүү алкагында ишкана лифт жабдууларын жеткирүүчүлөрдү конкурска катышууга чакырат. Маалыматка ылайык, катышуучулар тиешелүү иш тажрыйбасына ээ болушу жана Бажы бирлигинин ТР

Ишкер Media