Экономика
Президент Садыр Жапаров 2025-жылы 25 чет өлкөлүк сапарга чыкты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылы чет өлкөлөргө 25 жолу сапар кылганын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул сапарлардын ичинен үчөө мамлекеттик, үчөө расмий жана он сегизи жумушчу сапарлар болгон. Ошондой эле 2025-жылы кол коюу үчүн 633 эл аралык документ даярдалган, алардын