Алтын, күмүш, жез жана калайдын баалары тарыхый эң жогорку деңгээлге жетти

Алтын, күмүш, жез жана калайдын баалары тарыхый эң жогорку деңгээлге жетти

Алтын, күмүш, жез жана калайдын баалары дүйнөлүк чыңалуунун күчөшүнүн шартында жаңы тарыхый рекорддорду жаңылаганын Financial Times басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, баалардын өсүшүнө инвесторлордун АКШнын Иранга мүмкүн болгон аскердик кийлигишүүсүнө байланыштуу кооптонуулары, ошондой эле Федералдык резерв системасынын көз карандысыздыгы тууралуу суроолор таасир эткен.

Шаршемби күнү алтындын баасы 1,1%га өсүп, трой унциясы 4 миң 641 долларга жетти. Жыл башынан бери алтын 8%га кымбаттап, ал эми эки жылга жетпеген убакыт ичинде анын баасы эки эсеге көбөйдү. Күмүш болсо тарыхта биринчи жолу унциясы 90 доллардан ашып, 6%га өсүп, 92,24 долларга жетти.

Өнөр жай металлдарынын рыногунда да рекорддук көрсөткүчтөр катталды. Жездин тоннасынын баасы 13 миң 407 долларга, ал эми калайдын баасы 54 миң 760 долларга жетти.

Bank of Montreal банкынын аналитиги Хелен Амос белгилегендей, төрт металлдын бир убакта мындай ылдамдыкта кымбатташы акыркы 20 жылда болуп көрбөгөн көрүнүш. Анын айтымында, айрыкча күмүш, калай жана жездин бааларынын тез өсүшү институционалдык инвесторлорду тынчсыздандырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Психиатрия жана наркология борборуна аймактарга дары жеткирүү үчүн унаа берилди

Психиатрия жана наркология борборуна аймактарга дары жеткирүү үчүн унаа берилди

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Республикалык психиатрия жана наркология борборуна заманбап жол тандабас унаа берди. Маалыматка ылайык, жаңы унаа дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды өзгөчө алыскы аймактардагы дарылоо жайларына өз убагында жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Адистердин айтымында, опиоиддерге көз карандылыкты дарылоодо дары-дармектерди үзгүлтүксүз кабыл алуу маанилүү. Эгер убагында жеткизилбей калса,

Айыл чарба министрлигинде 722,9 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Айыл чарба министрлигинде 722,9 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигиндеги аудиттин жыйынтыгы менен 722,9 миллион сомдон ашык эреже бузууларды аныктады. Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде, анын мекемелер жана аймактык бөлүмдөрүндө 2025-жылга карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудитин аяктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында

Оштогу Жийделик жана Ош көчөлөрү кеңейтилип, заманбап көрүнүшкө ээ болот

Оштогу Жийделик жана Ош көчөлөрү кеңейтилип, заманбап көрүнүшкө ээ болот

Ош шаарындагы Ош жана Жийделик көчөлөрүн кеңейтүү, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу, аймактарды жашылдандыруу жана скверлерди уюштуруу боюнча эскиздик долбоорлор даярдалды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорлорду министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы иштеп чыккан. Учурда долбоордун алкагында жолду кеңейтүүгө байланыштуу объектилерди алуу

Нарындагы турак жай комплексин куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Нарындагы турак жай комплексин куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө "Тянь-Шань Сити" турак жай комплексинин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан турак жай комплексинде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптары