Коом
Энергетиктер туумду эсептен чыгаруу боюнча акциясын январдын аягына чейин улантат
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК туумду эсептен чыгаруу боюнча «Жаңы жылды карызсыз тосуңуз» акциясын 2024-жылдын 31-январына чейин улантат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул акция калк керектөөчүлөр (турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү) жана мамлекеттик бюджеттен (бюджеттик керектөөчүлөр) каржыланган уюмдар ошондой эле диний уюмдар (мечиттер, медреселер, чиркөөлөр ж.б.) үчүн өткөрүлөт.