Коом
Бишкекте 146 млн сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды
Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык жер тилкесин пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузганы белгилүү болгон. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде Көк-Жар кичи районунун И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 0,