Коом
1-октябрдан тарта пенсия орточо 38%га жогорулатылат
Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Маалыматка ылайык, пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында, Конституциянын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, 2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө белгиленди. Тактап