Коом
«Киргизия-1» конушунун тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна каршы
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев «Киргизия-1» конушунун жашоочулары менен жеке үйлөрдүн жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн маселеси боюнча жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев жана КР Мамкурулушуна караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл