Коом

Бишкекте эки акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Коом

Бишкекте эки акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки акча алмаштыруучу бюрого 55 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Бул чаралар валюта алмашуу операциялары жаатындагы мыйзам талаптары бузулгандыгы жана финансылык тартипти сактоо максатында көрүлдү.  Азыркы тапта Кыргызстан боюнча Улуттук банктын

Кыргызстан менен Катар социалдык өнүгүү жаатында кызматташууну бекемдейт

Коом

Кыргызстан менен Катар социалдык өнүгүү жаатында кызматташууну бекемдейт

Доха шаарында (Катар) өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Катардын Үй-бүлө жана социалдык өнүгүү министри Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайми менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда социалдык жана эмгек тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланып, социалдык

"Жаннат Резорттун" жанындагы уруксатсыз курулуш буздурулду

Коом

"Жаннат Резорттун" жанындагы уруксатсыз курулуш буздурулду

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана шаар куруу талаптарынын сакталышын камсыздоо боюнча көзөмөл иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Кезектеги текшерүү Чүй облустук прокуратурасынын катынын негизинде "Жаннат Резорт" мейманканасынын жанында курулган жеңил конструкциядагы объектке карата жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн

Кореяда иштеген кыргызстандыктар пенсиялык төлөмүн ала башташты

Коом

Кореяда иштеген кыргызстандыктар пенсиялык төлөмүн ала башташты

Түштүк Кореяда иштеп, пенсиялык төгүмдөрдү төлөгөн кыргызстандыктар эми Кыргызстанга кайткандан кийин бир жолку төлөм ала алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан 139 кыргызстандык төлөм алуу үчүн кайрылган. Алардын ичинен 96сы каралып, акчалары төлөнгөн, калган 43ү учурда чечимди күтүп жатат. Бир жолку

Бишкекте профессионалдык спортчулар үчүн “Мүрөк” медицина борбору курулат

Коом

Бишкекте профессионалдык спортчулар үчүн “Мүрөк” медицина борбору курулат

Бишкектин Ленин районунда “Мүрөк” спорттук медицина жана реабилитация борбору курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Борбор профессионалдык спортчулар жана улуттук курама командалар үчүн адистештирилген алгачкы комплекс болуп, спортчуларга толук медициналык текшерүү, дарылануу жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ишке кириши менен чет өлкөгө сапардагы дарылануу чыгымдары кыскарып, спорттук даярдык натыйжалуулугу

Кыргызстандан 8 айда 43,4 миллион сомдук минералдык суу экспорттолду

Коом

Кыргызстандан 8 айда 43,4 миллион сомдук минералдык суу экспорттолду

Быйыл сегиз айдын ичинде Кыргызстандан чет өлкөгө 1,7 миллион литрден ашык минералдык суу экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. Минералдык суу 9 өлкөгө сатылып, жалпы баасы 43,4 миллион сомду түзгөн. Эң көп суу Өзбекстанга (905,1 миң литр) жана Казакстанга (763,7 миң литр) жөнөтүлгөн.

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулат

Коом

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулат

2025-жылдын 8-ноябрынан тарта 2026-жылдын июнунда чейин ар дем алыш күнү Бишкекте жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чаранын максаты — азык-түлүктүн баасын туруктуу кармоо, калктын социалдык аярлуу катмарына жеткиликтүү тамак-ашты камсыздоо жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо. Жарманке

ИИМ: Шектүү чалууларга ишенбеңиз!

Коом

ИИМ: Шектүү чалууларга ишенбеңиз!

Ички иштер министрлиги жарандарды жеке маалыматтарын коргоого жана шектүү чалууларга ишенбөөгө чакырат. Министрликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, алдамчылар адамдардын ишенимин колдонуп, экономикалык жана башка түрдөгү зыян келтириши мүмкүн. “Жеке маалыматыңызды сактаңыз - алдамчылар сиздин ишенимиңизди колдонуп кетпесин. Адамдардын ишенимин пайдаланып, алдамчылык менен алектенгендер мыйзам чегинде жоопко тартылат”, — деп эскертет ИИМ.

Түптө 210 млн сомго бала бакча курулду

Коом

Түптө 210 млн сомго бала бакча курулду

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында 275 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Имарат эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзөт жана бардык заманбап шарттар менен жабдылган. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 210 миллион сомго жасалган. Долбоорду ишке

Кыргызстанда жаңы биометрикалык паспорттор колдонууга берилди

Коом

Кыргызстанда жаңы биометрикалык паспорттор колдонууга берилди

3-ноябрдан тарта Кыргызстанда 2025-жылкы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор колдонууга берилди. Жаңы паспортту алуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт, азыркы паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат. Жаңы документтердин негизги максаттары: мамлекеттик желектин өзгөрүшүнө ылайыкташтыруу, улуттук өндүрүштү күчөтүү, чек арада коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана документтерди жасалмалоодон коргоо. Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына караганда, “Учкун”

Өкмөт төө буурчактын баасын турукташтыруу үчүн 100 млн сом бөлдү

Коом

Өкмөт төө буурчактын баасын турукташтыруу үчүн 100 млн сом бөлдү

Министрлер Кабинети фермерлерди колдоо жана ички рыноктогу фасоль бааларын турукташтыруу максатында "Кыргыз Агрохолдинг" ААКга төө буурчак (фасоль) сатып алуу үчүн 100 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Фермерлерден фасолдун килограммын 95 сомдон сатып алууда. Бул баа башка сатып алуучулардын сунуштарынан (92 сом) жогору

Сокулукта мыйзамсыз таштанды төгүлгөн 8,5 гектар жер аныкталды

Коом

Сокулукта мыйзамсыз таштанды төгүлгөн 8,5 гектар жер аныкталды

Сокулук районунун аймагында мыйзамсыз таштанды төгүү фактысы катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгына жергиликтүү тургундардан муниципалдык автоунаалар мыйзамсыз таштанды төгүп жатканы тууралуу кайрылуу түшкөн. Маалыматтын негизинде 2025-жылдын 4-октябрында адистер жеринде текшерүү жүргүзүп, Күнтуу айыл өкмөтүнүн Токбай айылынын чыгыш тарабында жалпы аянты