Шавкат Мирзиёев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маанисин айтты

Шавкат Мирзиёев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маанисин айтты

Өзбекстан жетекчиси Шавкат Мирзиёев Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорунун стратегиялык мааниси чоң экенин билдирди. 

Анын айтымында, бул долбоор эл аралык транзиттик коридорлорду өнүктүрүүдө, түрк мамлекеттеринин транспорттук байланышын чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт.

"Эгерде Ортоңку коридор Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жана келечектеги Трансафган коридору менен туташса, биздин аймакта көп тармактуу стратегиялык магистраль системасы түзүлөт", — деди Шавкат Мирзиёев.

Буга улай ал транспорт тармагындагы демилгелер 12-ноябрда Ташкентте өтө турган эл аралык форумда кенен талкууланаарын баса белгиледи. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кытайда эл аралык логистикалык конференция өттү

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө