Бишкекте экинчи ротордук токтотмо ишке берилди

Бишкекте экинчи ротордук токтотмо ишке берилди

Бишкек шаарында "Аламүдүн" базарынын аймагында экинчи ротордук токтотмо ишке берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген жана мейкиндикти кыйла үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Төлөм  QR-код аркылуу ыңгайлуу жана тез жүргүзүлөт. Төлөм ийгиликтүү бүткөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат.

Жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши Бишкектин борбордук аймактарында токтотмо жайларынын жетишсиздиги маселесин чечүүгө дагы бир кадам болуп, шаар тургундары үчүн токтотууну ыңгайлуу кылат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?