Ю.Фучик көчөсүн оңдоо долбоорунун наркы 277,5 млн сомду түздү

Ю.Фучик көчөсүн оңдоо долбоорунун наркы 277,5 млн сомду түздү

Кечээ, 19-октябрда Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу жана Транспорт департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев шаар тургундары менен бирге Ю.Фучик көчөсүн Дэн Сяопин проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки оңдолгон бөлүгүн ачышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жалпы узундугу 3,2 чакырым болгон Фучик көчөсүн реабилитациялоо үч этап менен жүрүп, долбоордун баасы 277,5 миллион сомду түзөт. Подрядчы — «ДорстройГрупп» ЖЧКсы.

Бүгүн ачылган экинчи этаптан кийин акыркы бөлүк — Жибек-Жолу проспектисинен Аска-Ташка чейинки тилке 2025-жылдын ноябрында аякташы пландалууда.

Фучик көчөсүнүн жаңыланышы шаар ичиндеги негизги транспорттук каттамды жакшыртып, 2026-жылы өтө турган ШКУ саммитине даярдыктын бир бөлүгү болуп саналат.

Жолдун жабуусу жана негиздери жаңыртылып, тротуарлар, бордюрлар жана ирригация системасы орнотулду. Бишкек мэриясы коопсуз жана ыңгайлуу жол шарттарын түзүү иштерин улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media