Lada Iskra автоунаасы сатыкка чыкты

Lada Iskra автоунаасы сатыкка чыкты

Россиянын “АвтоВАЗ” заводу октябрда 200 миң Lada Iskra автоунаасын сатууну жана кийинки айларда андан да кыйла эсе көп сатууну көздөп жатканын РИА Новости агенттигине компаниянын президенти Максим Соколов айтып берди. 

“Автостат” агенттигинин билдирүүсү боюнча Lada Iskra үлгүсүндөгү жаңы автоунаанын алгачкы 21и июль айында сатылса, августта 13, сентябрда 94 унаа сатылган. 
Lada Iskra – “В” классындагы автоунаалардын жаңы партиясы. Анын линиясына седан, универсал жана Cross версиясындагы жогорку өтүмдүүлүктөгү универсал кирет. Ladaнын моделдик катарында бул унаа  Granta менен Vesta моделдеринин ортосундагы орунду ээлейт. 
Моделдин сериялык өндүрүшү 19-имартта Толяттиде ишке кирип, 20-июлда Москва, Санкт-Петербург жана Толяттиде 1,25 млн рублдан жогору сатыла баштаган. 

Соколовдун ишениминде, бул модель популярдуулук менен колдонулуп, аны сатуу арифметикалык прогрессияда көбөйөт. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?