2025-жылы Кыргызстанда жалпы 1200 километрден ашык жолго асфальт төшөлдү

2025-жылы Кыргызстанда жалпы 1200 километрден ашык жолго асфальт төшөлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып Кыргызстанда жыл башынан бери 1200дөн ашык чакырым жол асфальтталганын билдирди. 

 Министрдин айтымында, акыркы жылдарда жол тармагынын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлүп, Барскоон - Бедел, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка, Нарын - Баетов унаа жолдору мамлекеттин эсебинен курулуп жатат. 

“Ошондой эле Бишкек шаарынын айланасындагы жолдорду кеңейтүүнүн алкагында Бишкек - Кант, Бишкек - Күн-Туу - Шопоков, Лебединовка - ГЭС 5 жана Бишкектин - Түндүк айланма жолдору курулуп жатат.  Жол тыгынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында министрлик быйыл шаарды айланып өтүүчү 6 тилкелүү магистралды куруу иштерине активдүү киришкен.  

Мындан сырткары, Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолундагы 5 кошумча курулманы куруу уланып,  жарактан чыккан Өзгөн - Мырза-Аке - Кара-Кулжа жолунун 33 чакырымы капиталдык оңдоодон өткөн. 

Көп жылдан бери көтөрүлүп, бирок бир катар себептерден улам кийинкиге жылдырылып келген Ош - Баткен - Раззаков жолу жасалды. Туруктуу туризмдин өнүгүшүнө, аймактык каттамдарды жакшыртууга түрткү берген Түп-Кеген жолу ачылды. Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү кыска мөөнөттө жаңыланып, пайдаланууга берилди", - деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16