"Кыргыз темир жолу" МИси 50% таза кирешесин эми бюджетке которбойт

"Кыргыз темир жолу" МИси 50% таза кирешесин эми бюджетке которбойт

Министрлер Кабинети №666 токтому менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясын” мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү иш чараларын бекитти. 

Токтомго ылайык, компания эми 2026-2030-жылдардагы таза кирешесинин 50%ын Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолунун курулушуна жана өзүнүн өнүгүүсүнө жумшай алат. Буга чейин бул каражат өлкө казынасын түшүп турган. 

Мындан сырткары, МинКаб 2019-жылы 11-сентябрдагы №468 токтомундагы “2025-жылдар” деген сөздү “2025-жылдар” дегенге алмаштыруу менен мамлекеттик мекемелердин ишинин өзгөчөлүгүн жөнгө салуучу нормалардын иштөөсүн 2030-жылга чейин узартты. 

Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” квартал сайын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттиги менен Транспорт жана коммуникация министрлигине 50% таза кирешенин максаттуу пайдаланышы боюнча отчет берүүгө милдеттүү. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?