Яндекс Такси: Жүргүнчүлөр менен айдоочулардын коопсуздугу 800 миң сомго чейин камсыздандырылат

Яндекс Такси: Жүргүнчүлөр менен айдоочулардын коопсуздугу 800 миң сомго чейин камсыздандырылат

Яндекс Такси сервисинде жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын өмүрү менен саламаттыгы 800 миң сомго чейин камсыздандырылат. Бул тууралуу “Яндекс Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов билдирди.

“Биз баарынан мурда коопсуздук маселесине абдан олуттуу мамиле жасайбыз. Мисалы, такси кызматындагы коопсуздук боюнча: айдоочулардын бардыгы тиркеме аркылуу сөзсүз курстан өтүшөт. Бул курста тиркемени колдонуу, жол коопсуздук эрежелери, айдоочулук документтердин текшерилиши жана фотокөзөмөл камтылган. Ар күнү айдоочу документ аркылуу катталган адам өзү экенин тастыктоо максатында сүрөткө түшүп, системага жүктөйт. Система текшерип, тастыктагандан кийин гана уруксат берет,” — деди ал.

Яндекс Такси кызматында унаалардын ылдамдыгын көзөмөлдөгөн атайын система бар. Бул система жол коопсуздук эрежелеринин сакталуусун жана шаар ичинде коопсуздук коркунучун алдын алууга жардам берет. Эгер жол кырсыгына кабылуу коркунучу пайда болсо, система дароо эскертет. Айдоочу бир нече жолу эскертме алса, система автоматтык түрдө анын буюртмаларын чектейт (мисалы, 1 саатка, 1 күнгө, 1 жумага ж.б.).

Эгер такси унаасы жол кырсыгына кабылса, система дароо техникалык колдоо кызматына билдирет. Кызмат өкүлдөрү айдоочу жана жүргүнчү менен байланышып, абалды текшерип, зарыл чараларды көрөт. Тиркемеде жүргүнчүлөр үчүн да коопсуздук боюнча кызматтарга (мисалы, ИИМ) байланышуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул чаралардын баары жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Такси акысынын Яндекске берилчү бөлүгү Бишкек шаарында эконом тарифте 16%, жогорку тарифтерде 17% түзөт. Бул суммага салыктар, тиркемени иштеп чыгуу жана башка административдик чыгымдар кирет.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

ИИМ эскертет: Мессенджерден арзан унаа издеп, алдамчыларга кабылбаңыз

Бишкек шаардык ИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы санариптик мейкиндиктеги кезектеги алдамчылык схемасы боюнча кыргызстандыктарга эскертүү жарыялады. Билдирүүгө караганда, акыркы кездерде социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жок эле унааларды сатып, жарандарды сызга отургузган фактылар көбөйдү.  Тартип сакчылардын маалыматына ылайык, алдамчылардын негизги тактикасы жана схемасы төмөндөгүдөй болот: * Төмөн баа жана таза сүрөттөр сунушталат: Кылмышкерлер

Ишкер Media
“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media
Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Ишкер Media
ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media