Мамлекеттик органдар аз май ичкен унаа колдонушат
МинКаб мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматтык жана нөөмөттүк автоунааларды колдонуу эрежелерин тактады.
Ага ылайык эми жумуш сапарлары үчүн жана нөөмөттүк тапшырмаларды аткарууга колдонулуучу унаалардын кыймылдаткычтарынын көлөмү 2700 куб сантиметрден ашпашы керек.
Мындай эреже токтомдо көрсөтүлгөн айрым кызматкерлерге гана иштебейт.
Ошондой эле документте мамлекетке өз эрки менен берилген, конфискацияланган же соттун чечими менен мамлекетке кайтарылган автоунааларды колдонууга болору жазылган. МинКаб мындай өзгөртүү бийлик органдарынын карамагындагы транспортту натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталганын билдирди.