"Унаа" кепилдиги менен жарандар быйыл 107 млн сом автонасыя алышкан

"Унаа" кепилдиги менен жарандар быйыл 107 млн сом автонасыя алышкан

“Унаа” продукту боюнча берилген кепилдиктин жалпы суммасы 2025-жылдын 10-ноябрына карата 24,5 млн сомду түзүп, жарандарга 107 млн сомдон ашык автонасыя алууга шарт түзүлгөн.

Ушул жылдын октябрь айында эле 6,5 млн сомго 29,5 млн сомдук автонасыяны камсыздаган 18 кепилдик берилген. Бул продукт жеке ишкерлерден тартып бардык физикалык жактарга, ошондой эле коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүшкөн юридикалык жактарга да жеткиликтүү.

Кепилдикти жарандар мамлекеттик банктардан ала алышат. Эске салсак, “Кепилдик фонду” ААКсы өнөктөш банктар менен биргеликте ата мекендик чогултуудагы унааларды баштапкы взносу жок алууну сунуштаган “Унаа” мекемесинин кепилдик продуктусун сатууну улантып жатат.

Фонддун жаңы кепилдик продуктусунун жардамында 58 жаран атамекендик чогултуудагы унаага ээ болушкан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”