Жибек Жолундагы көпүрөнүн узундугу 25, туурасы 34,3 метр болот
Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнү реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэриядан билдиришкендей, учурда жолдун батыш тарабындагы тирөөчтөрдүн курулушу толугу менен аяктап, чыгыш тарабында бетон куюу жана монтаждоо иштери улантылып жатат.
Курулуштун биринчи этабынын алкагында көпүрөнү тургузуу үчүн алты устундук конструкция Бишкекке алынып келинди.
Жаңы көпүрө мурдагыга салыштырмалуу бир топ кең жана ыңгайлуу болот — кыймыл тилкелери экиден алтыга чейин көбөйөт. Курулуштун узундугу 25 метрди, туурасы 34,3 метрди түзөт.
Эки жагынан тең жөө жүргүнчүлөр үчүн туурасы 3 метрден болгон тротуар каралган, бул коопсуз кыймылды камсыздайт.