Жүк ташуулардагы тартип бузуулар боюнча айып пулдардын суммасы 3 эсеге өскөн

Жүк ташуулардагы тартип бузуулар боюнча айып пулдардын суммасы 3 эсеге өскөн

2025-жылдын январь-октябрь айларында эл аралык жүк ташуулардагы тартип бузуулар боюнча 695 протокол түзүлгөнүн жана бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,4%га жогору экенин Жер жана суу транспорту департаментинин маалыматында айтылды. 

Жазылган айып пулдардын суммасы 3 млн 587 миң сомдон 10 млн 409 миң сомго өсүп, дээрлик 3 эсеге көбөйгөн. 

Ведомствонун маалыматы боюнча типтүү эреже бузууларга:

-       уруксат берүүчү документтерге жана маршруттарга болгон талаптарды сактабоо;

-       жүк ташуу шарттарын бузуу;

-       коштоочу бланктардагы каталар. 

Тартип бузуулардын өсүшү транспорттук-көзөмөл пункттарындагы жана чек ара өтмөктөрүндөгү көзөмөлдүн  күчөтүлүшүнө, ошондой эле  машруттар, уруксат берүүлөр жана транспорт каражаттары боюнча маалыматтарды дал келтирүүнү жөнөкөйлөткөн процесстердин санариптешүүсүнө байланыштуу экени департамент билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу