Ош облусунда аэровокзал куруу үчүн 3,59 гектар жер участогу трансформацияланды

Ош облусунда аэровокзал куруу үчүн 3,59 гектар жер участогу трансформацияланды

МинКаб 2025-жылдын 28-октябрдагы №702 токтому менен Ош облусунун Кызыл-Кыштак аймагындагы 3,59 гектар жер участогун “айыл чарба багытындагы” категориядан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которду.

Аталган участок жаңы аэровокзал курууга жана учуп-конуучу тилкени кеңейтүү үчүн пайдаланылат. 

Ош мэриясына жер-каттоо документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү; шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү; участокту максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу; нөшөр жана мөңгү сууларын агызуу жана сейсмикалык коргоо чараларын жүргүзүү; тарыхый-маданий объектилерди сактоо; айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгаша менен алынбай калган кирешени компенсациялоо; аз продуктивдүү жерлерди ишке киргизүү менен аянтты калыбына келтирүү тапшырмалары берилди. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?