Россия чек арасында 4 миңдей жеңил унаа ташуучу унаалар токтоп турат

Россия чек арасында 4 миңдей жеңил унаа ташуучу унаалар токтоп турат

Россия чек арасында Кыргызстан, Казакстандан барган чет өлкөлүк үлгүдөгү автоунааларды жүктөгөн 4 миң жүк ташуучу унаа токтоп турганын “Коммерсант” гезити жазды. 

Россияга импорттолгон машиналардын көбү Кытай, Казакстан жана Кыргызстан чек аралары аркылуу өтөт. Эң оор кырдаал Кытайдан келген унаалардын Казакстан чек арасында топтолушу. Учурда Казакстан чек ара көзөмөл пункттарында 9 миңге жакын фура бар. 

Айрым чек ара участокторунда кырдаалды “акы төлөнүүчү” кезек практикасы курчутуп жатканы айтылат. Эксперттердин айтымында, күтүү убакыты былтыркы жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн. 

Россиянын Федералдык бажы кызматы октябрь айынын аягындагы байкалган жогорку чыңалуулар аяктап, өткөрмө пункттары штаттык режимде иштей баштаганын билдирген.  

Ведомствонун билдиришинче, ноябрь айынын башынан тарта Приморск крайынын автомобилдик өткөрмө пункттары аркылуу 1 миң 7 автоунаа ташуучу унаа(5 миң 528 автомобиль) кирген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 эсе көп. 

ФБК транспорттук каражаттарды тез өткөрүүгө бардык күч аракеттерди жүргүзүп жатканын билдирген. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media