Барскоон-Бедел жолунун курулушу жаңы транспорттук коридорду түзөт

Барскоон-Бедел жолунун курулушу жаңы транспорттук коридорду түзөт

Барскоон-Бедел жолунун курулушу өлкөнүн өз каражаты менен жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол-транспорт тармагына казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу активдүү жүрүүдө. Алардын сап башында кыска убакыттын ичинде башталган улуттук маанидеги Барскоон-Бедел автожолу турат.

Бул жол Кытай менен түз транспорттук байланышты камсыз кыла турган жаңы коридор катары каралууда. Барскоон-Бедел жолунун курулушу өлкөнүн өз каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат жана өлкө экономикасына олуттуу салым кошот,-деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?