Мэрия жол тыгындарын азайтуу боюнча бардык сунуштарды кароого даяр

Мэрия жол тыгындарын азайтуу боюнча бардык сунуштарды кароого даяр

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын жаңы долбоору боюнча өткөн брифингде Бишкек мэри Айбек Жунушалиев журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. 

Мэр жол тыгыны боюнча берилген суроого жооп берип, мэрия калаадагы жол тыгындарын жоюу боюнча бир нече компаниялардын сунуштарын да кароого даяр экенин билдирди.

“Биз башкы планды карап жатканда баарын комплекстүү карашыбыз керек. Эгер башкы планда жол инфтратүзүмүн жакшыртууга эле басым жасай берсек башка маселелер каралбай калат. Жүрүп-жүрүп ошол каралбай калган маселеге кайра такалабыз. Мисалы, башкы планда “15 мүнөттүк жол” деген концепцияны ишке ашырып жатабыз. Тагыраагы, келечекте ар бир шаардык өзүнө керектүү кызмат көрсөтүүчү жайларга жөө 15 мүнөттүн ичинде жеткидей шарт түзүшүбүз керек. Башкача айтканда, Бишкекке жетишсиз болуп жаткан 45 мектепти курууга жетишсек, шаардыктардын көбү мурдагыдай балдарын алыскы мектептерге ташыбай жакынкы мектерге берет. Бул да болсо жол тыгындарына таасир этет”,-дейт мэр А.Жунушалиев. 

Буга улай шаар башчысы эксперттер жол тыгыны маселеси бир-эки түрдүү транспорт менен чечилбей турганын билдиргенин ортого салды. “Биз деген бир учурда бир нече транспорттук тутумдарды өнүктүрүшүбүз керек. Алардын ичинде трамвай бар. Ал автобуска караганда жүргүнчүлөрдү көбүрөөк ташыйт. Ошол себептен биз азыркы заманбап, рельстерсиз, контакттык линияларсыз жүрө турган трамвайларды киргизүүнү карап жатабыз. Ошол эле Кытай компаниялары сунуштаган монорелстүү трамвайларды деле өнүктүрсөк болот”,-деди мэр.  

“Биз кытайлык компанияларга “Өзүңөрдүн концепцияңарды бергиле, башкы планга салалы. Кийин ишке ашыра турган болсоңор каршы эмеспиз” дегенбиз. Кытай компаниясы болобу, Корея компаниясы болобу, өздөрүнүн сунуштамаларын берип жатат. Эгер алар акчаларын кайра чыгара алышса иштешели деп жатабыз. Мына бүгүн эле алар Бишкектин батыш, чыгыш айланма жолдорун курууга даяр экенин билдирип жатышат”,-деп кошумчалады А.Жунушалиев.      

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media