“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу боюнча үч тараптуу талкуу өткөрүлдү

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу боюнча үч тараптуу талкуу өткөрүлдү

20-ноябрда "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жол долбоорунун жүрүшүн талкуулоо боюнча үч өлкөнүн өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Өзбекстан Республикасынын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытай тараптан атайын өкүлдөр катышты.

Иш-чарада тараптар долбоордун учурдагы абалын карап чыгышып, темир жол курулушу практикалык баскычка өткөнүн белгилешти. Министр Абсаттар Сыргабаев долбоор белгиленген мөөнөттө аякташы керектигин белгилеп, курулуш иштерин тездетүү үчүн Кыргызстан бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Учурда тоннелдерди казуу, убактылуу инфраструктураны куруу, уюштуруучулук жана административдик иштер жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жол долбоорунун ишке ашуусу Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн маанилүү долбоор болуп саналат. Ал жүктөрдү ташуу аралыктарын кыскартып, транзиттик мүмкүнчүлүктү кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт. Мындан сырткары, өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарат.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу