Кыргызстан менен Австрия транспортту санариптештирүүдө кызматташат

Кыргызстан менен Австрия транспортту санариптештирүүдө кызматташат

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Австриянын Финансы министринин орун басары Андреас Райххард башында турган австриялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы – транспорт тармагын санариптештирүү жана электрондук документтерди колдонуу тажрыйбасын алмашуу болду.

Базаралиев министрлик ар дайым көп тараптуу кызматташууга ачык экенин белгилеп, учурдагы келишимдерди бекемдөө жана жаңы демилгелерди колдоого даяр экенин айтты. Ал ошондой эле Европа Биримдигинде электрондук башкаруу жана автоматташтырылган транспорттук системаларды киргизүү боюнча Австриянын тажрыйбасына кызыкдар экенин кошумчалады.

Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар мындан ары тыгыз кызматташтыкты улантууга макул болду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды