ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2026-жылы товарларды жүгүртүүдө навигациялык пломбалар колдонула баштайт

ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2026-жылы товарларды жүгүртүүдө навигациялык пломбалар колдонула баштайт

 Евразиялык экономикалык комиссиясында “Навигациялык пломбалар Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн таза жана коопсуз соодасын өнүктүрүү инструменти” конференциясы болгонун ЕЭКтен маалымдады. 

ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Руслан Давыдов конференция катышуучуларына 2026-жылдын 11-февралынан тарта навигациялык пломбалардын жардамы менен жүк ташуулар иш чапрасы башталарын билдирди. 

Анын айтымында, навигациялык пломбаларды колдонуу менен көзөмөл кылуу механизми – логистикалык процесстердин эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кыла турган бирден бир инструмент. 

“Жакын аралыктагы тапшырма – биримдиктин бажылык территориясында ташылып жаткан товарларга бажылык жана башка мамлекеттик көзөмөлдү азайтууга шарт түзгөн бирдиктүү маалыматтык чөйрө түзүү”,-дейт Давыдов. 

ЕЭК министри ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндөгү макулдашуусу товарлардын категориялары менен колдонулган транспорт түрүн эске алган көзөмөл механизмин акырындык менен киргизүүнү карайт. 

Пломбаларды ишке киргизүү 3 этап менен жүргүзүлүп, 1,5 жылга созулат.   

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media