Бишкек коомдук транспортунда 667 айдоочу жетишпейт

Бишкек коомдук транспортунда 667 айдоочу жетишпейт

Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев 27-ноябрда шаардык коомдук транспорт айдоочулары менен жыйналыш өткөрдү. 

Мэриядан билдиришкендей, вице-мэр, Транспорт департамантинин өкүлдөрү, "Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери айдоочулардын сунуштарын, пикирлерини угушуп, көйгөйлөрдү талкуулашты. 

Жыйында айдоочулардын жетишсиздиги, айдоочулар тарабынан накталай төлөм жүргүзүүнү алып салуу, жол эрежелерин бекем сактоо, маяналарды жогорулатуу жана айдоочулардын эмгек шартын жакшыртуу темалары талкууланды. 

Учурда Бишкекте 667 айдоочу жетишпейт. Сентябрь айында жарым жыл ичинде коомдук транспорттун 730 айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы жана жүргүнчүлөргө талаптагыдай мамиле кылбагандыгы үчүн иштен алынганы маалымдалган.   

Мындан тышкары окуңуз

Аравандагы селге кабылган үйлөр толугу менен тазаланды

Аравандагы селге кабылган үйлөр толугу менен тазаланды

29-апрелде катуу жааган жамгырдын кесепетинен Араван районунун С. Юсупов айыл аймагында сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен Октябрь айылындагы 8 турак үйдүн короосун жана 5 турак үйдүн жер төлөөсүн суу каптаган. Кырдаалды жоюу иштерине ӨКМдин Араван райондук бөлүмүнөн 25 куткаруучу жана 3 атайын

Ички авиакаттамдар боюнча жеткиликтүү тарифтерди Asman Airlines сунуштайт

Ички авиакаттамдар боюнча жеткиликтүү тарифтерди Asman Airlines сунуштайт

Бүгүнкү күндө ички авиакаттамдар боюнча эң актуалдуу жана жеткиликтүү тарифтерди мамлекеттик авиакомпания Asman Airlines сунуштап жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААКынын басма сөз кызматы билдирди. 2026-жылдын 1-майынан тартып Бишкек – Ош жана Бишкек – Манас (Жалал-Абад аэропорту) ички авиакаттамдарында авиабилеттерге макулдашылган баа системасы киргизилет. Бул чечим "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын

Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев мектебине 7500 орундуу  кошумча корпус курулууда

Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев мектебине 7500 орундуу кошумча корпус курулууда

Ош шаарындагы №5 Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте 2000ден ашык окуучу билим алууда. Балдардын саны көп болгондуктан, орун тартыштыгы жаралып келет. Буга байланыштуу 750 орундуу кошумча корпус курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы аянты 8943 чарчы метрди түзгөн жаңы корпус

Бишкекте эл аралык туристтик көргөзмө өтүүдө

Бишкекте эл аралык туристтик көргөзмө өтүүдө

Бишкек шаарындагы “Жаштык арена” спорт комплексинде Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) аттуу эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземинде Касымалиев сөз сүйлөп, туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанисине токтолду. Ал Кыргызстанда туризмди