Лебединовка-ГЭС 5 жолунун бир багыттуу тилкеси асфальтталды

Лебединовка-ГЭС 5 жолунун бир багыттуу тилкеси асфальтталды

Лебединовка-ГЭС 5 жолунун 4,4 чакырымынын бир тараптуу тилкесине асфальт төшөлгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкен.

Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилген.

Ошондой эле долбоордо каралган тротуар куруу, жарыктандыруу жана чоң көпүрөнү оңдоо иштери да бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулуп, кыйылган дарактардын ордуна жаңы бак-дарактар отургузулат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды