Бишкек шаарына эмнеге метро курганга болбойт?

Бишкек шаарына эмнеге метро курганга болбойт?

Бишкек шаарындагы жаңы генпланды талкуулоодо жашоочулардын бири "Ала-Арча" жана "Аламедин" дарыялары аркылуу метрополитен курса кандай болорун сурады. Санкт-Петербургдагы генпланды иштеп чыккан адис Бишкекте метро үчүн жетиштүү жүргүнчү агымы болбосун, ошондуктан бул долбоордун экономикалык жактан натыйжалуу эместигин билдирди. 

План иштеп чыгуучунун айтымында, шаар калкынын саны жана күнүмдүк транспорттук агым, өзгөчө чоң мегаполистер менен салыштырганда, төмөн. Бишкек үчүн метрополитен эң эффективдүү болорун айтууга азырынча негиз жок.
Метро куруу - бул узак мөөнөттүү жана абдан кымбат долбоор. Ал эми трамвай системасын куруу өтө үнөмдүү жана кыска мөөнөттө ишке киргизүүгө болот. Трамвай менен шаардын борборлору, кичи райондору байланышып, шаардык транспорттук көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Метро болсо алты-жети жылга созулчу чоң долбоор, ал эми анын экономикалык пайдасы орто жана узак мөөнөттө гана сезилиши мүмкүн.

Адистин билдтиришинче, Бишкек шаарынын борборундагы темир жол менен 120дон ашык ишканалар байланышта жана алар шаар экономикасын колдоп турат. Эгер темир жолду шаардан чыгарып салса, ал ишканаларга түз таасир этип, экономикалык зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, темир жолду чыгарып салуунун ордуна, аны жүргүнчү ташууга да пайдаланса болот.

Жалпы алганда, Бишкек үчүн эң маанилүү маселе — учурдагы коомдук транспортту жакшыртуу, анын ичинде автобустарды көбөйтүү, трамвайлар менен жакшыртуу же башка транспорттук инфраструктураларды өркүндөтүү болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media