Төө-Ашууда "Келечек" туннелин куруу келишимине кол коюлду

Төө-Ашууда "Келечек" туннелин куруу келишимине кол коюлду

Бүгүн, 2025-жылдын 16-июлундагы МинКабдын № 421 токтому менен Төө-Ашуу ашуусундагы “Келечек” альтернативдүү туннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Келишим Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Улуттук инвестиция агенттиги жана “Тез Жол” компаниясы баштаган консорциум тарабынан түзүлгөн.

Жаңы туннельдин узундугу 11,5 километрди түзөт жана болжол менен 2200 метр бийиктикте жайгашат. Бул туннель бүт жыл бою коопсуз жана үзгүлтүксүз транспорттук байланыштарды камсыздайт.
Долбоордун алкагында ошондой эле эки төлөм пункту, эки чакан ГЭСтин курулушу (жалпы кубаттуулугу 31,3 МВт) жана туннелди башкаруу боюнча заманбап система курулат.

Жалпы инвестициянын көлөмү 640 млн долларды түзөт жана бардык каражатты жеке тарап камсыздайт, мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Проектти ишке ашыруу жана эксплуатациялоо мөөнөтү 49 жылды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media