Айдоочуларга эскертүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Айдоочуларга эскертүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 13-15-декабрында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык кеминде 500 метр сакталуусу сунушталат.

Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон негизги ашуулар:

  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу);
  • 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымдары;
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 40-90 чакырымдары;
  • Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349 чакырымдары (Көк-Арт ашуусу)
Айдоочуларга тоо жолдору аркылуу жүрүүдө өзгөчө сактык менен жана ылдамдыкты төмөндөтүү сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media